"Кримавторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча сот отуруму 16-апрелге жылдырылды

"Криминалдык авторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча сот отуруму 16-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон бүгүн, 8-апрелде билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-апрелде Көлбаевдин иши Жогорку Сотто каралмак. Бирок жактоочулардын сунуштамасы менен отурум кийинкиге жылдырылган.

Айта кетсек, 2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кримавторитет" Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kara_kyrgyz
2014-04-08 15:23:18
жашасын биздин сот, дуйнодогу эн адилеттуу сот
-2
aitowa11
2014-04-08 18:25:53
Камалбащын каалайт экенда
0
tolkun85
2014-04-09 00:24:39
бир жылдан бери жылып келе жатат сот отуруму деги колбаев барбы, же чыгарып жиберишкенби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан