Кар көчкүлөрдү аткылоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 9-10-апрель күндөрү Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иштери алгач Бишкек – Ош унаа жолунун Көчкү-Булак аймагында башталат. Мындан улам аталган унаа жолу эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.