Бүгүн Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык драма театрында КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлүнүн жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Майрамга Талас облусундагы 115 мектептен жүрүш-турушу үлгүлүү, коомдук иш-чараларга активдүү катышкан 140 окуучу катышты. Майрамдык салтанат балдарга арналган атайын театрлаштырылган жомок менен башталды. Майрамга келген КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева окуучуларга атайын даярдалган белектерди тапшырып, жакшы тилектерди каалап өттү.