Нарын облусунда аткезчилик жол менен Кытайдан 40 тонна алма алып келе жаткандар кармалышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун тургуну А.Алишеровдун башкаруусундагы Volvo жана Кара-Балта шаарынын тургуну Т.Нурдиндин башкаруусундагы DAE унаасы токтотулган. Унаалардын ичинде 40 тонна алма болгон. Бирок унаанын ичинде картошка болушу керек эле. Буга Санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкери Ат-Башы районундагы Торугарт өткөрүү бекетинен алмага “картошка” деп жасалма документ берген. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.