Малайзия. Дайынсыз жоголгон учакты табууга үмүт берген сигналдар тууралуу айтылды

Бир ай мурун дайынсыз жоголгон малайзиялык учактын сигналдары менен австралиялык кеме тарабынан табылган сигналдар дал келүүдө. Мындай маалыматты 7-апрелде издөө иштери менен алектенип жаткан Австралиянын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы жетекчиси Агнус Хьюстон айтып чыкты. Анын айтымында, бул көп нерседен үмүт берген табылга, бирок текшерүү иштери жүргүзүлүшү керек.

“Ал сигналдар жоголгон Боинг учагынын МН370 каттамына тиешелүү экендигин аныктоо үчүн дагы бир топ иштерди жасоо зарыл. Биринчи кезекте алардын (сигналдардын) жайгашкан жерин так аныкташыбыз абзел. Андан кийин учактын калдыктарын табуу үчүн атайын аппараттарды суу алдына түшүрүшүбүз керек”,- деди Хьюстон. 

Болжолдуу сигналдар табылган аймактын тереңдиги 4500 метрди түзөт. Буга чейин сигнал байкалган аймактан алыс эмес жер кытайлык кеме тарабынан издөөгө алынган. Эгер сигналдар жоголгон учактагы кара жашиктер аркылуу келип жатса, издөөнү тездетүүгө туура келет. Борттогу өзгөрүүлөрдү өз алдынча сактаган тетиктин батарейкасы 1 айга жетет. 

Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Издөө иштерине дүйнөнүн 30га чукул мамлекети киришип, 1 айдан бери жыйынтык чыкпай келет. Малайзия бийлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн баары көз жумганы тууралуу билдирүү жасаган. Ага карабай учак, кемелер менен издөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aybek777
2014-04-08 16:38:37
Табылып эле калса экен эч болбосо кара кутучасы
+2
salmankg13
2014-04-08 21:28:41
oa
0
aibars
2014-04-09 14:23:03
Jakynyn jogotkondor emi bir gana sabyr kylyp bekem boluulary kerek. Azyrku kundo bilim ilim ming onukso dagy biz Baarybyz bir Allahtyn aldynda alsyzbyz. Oshon uchun Allaha ming maktoolor.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан