Ош шаарында «Ош электр» ачык акционердик коому жана “ОшРЭС” тарабынан калкка үзгүлтүксүз электр жарыгын берүү максатында кышка даярдык иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн «Ош электр» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаарда эскилиги жеткен электр чубалгыларын жаңылоо иштери жүрүүдө. Учурда Курманжан датка көчөсүндөгү 1 чакырымдан ашуун электр зымдары алмашылды.