Ысык-Көл. 14 жашар Акылай шахмат боюнча Азия чемпиондугуна катышып келди

Үстүбүздөгү жылдын 13-21-декабрында Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн окуучулар арасындагы шахмат боюнча 8-Азия чемпиондугу өткөрүлдү. Ага ысык-көлдүк 14 жаштагы Акылай Сыдыкова катышып, 14 команданын ичинен суурулуп чыгып, 6-орунга ээ болду. Башкача айтканда, мыкты ондуктун тизмесине кирген. Акылайдын машыктыруучусу жана атасы Рысбек Сыдыковдун айтымында, Акылай Сыдыкова 2013-жылдын февраль айында Бишкекте өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандоо боюнча шахматтык мелдешке даярданып жаткан убагы. Эске сала кетсек, бүгүн А.Сыдыкова мыкты окуучулардын катарында Караколдо өткөрүлүп жаткан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн балаты майрамына катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан