Бүгүн, 8-апрелде Улуттук оппозициялык кыймыл "бийлик оппозициячылар Кубанычбек Кадыровго, Мамбетжунус Абыловго жана Өмүрбек Абдрахмановго куугунтук жасап жатат" деп кайрылуу жасады.
Кайрылуунун тексти төмөнкүчө:
“Атамбаевдик авторитардык бийлик Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) мүчөлөрүнө жана саясий оппоненттерине каршы саясий куугунтукту күндөн-күнгө күчөтүүдө. Асыресе, ушул жылдын 7-апрелинде оппозициялык саясатчы Кубанычбек Кадыровдун өзү жок кезинде үйүнө милиция формасындагы эки адам жана аларды коштогон төрт киши келип, эшиктерин тепкилешип, анын жаш балдарын жана үй-бүлөсүн коркутуп кетишкен. Ошол эле күнү Улуттук оппозициялык кыймылдын 10-апрелдеги митингинин коменданты, белгилүү саясатчы Мамбетжунус Абыловго милициянын Бишкек шаардык башкармалыгынан телефон чалышып, моралдык-психологиялык басым жасашкан. Ал эми кечинде үйүнө белгисиз бирөөлөр келип, эшигин ачууну талап кылышкан. 7-апрелде бийликчил коомдук кыймылдар УОКтун дагы бир мүчөсү Өмүрбек Абдрахмановдун инсандык жана саясий бейнесине көлөкө түшүргөн жалган маалымат таратышкан.
Улуттук оппозициялык кыймыл бийликке ачуу сын айтып, анын кемчилигин көзгө сайып көрсөткөн УОКтун лидерлерине карата кысымдын артында президент Алмазбек Атамбаевдин өзү турат деп эсептейт. Бул бийликтин оппоненттери менен күрөшүүдө саясий террор жана бандиттик куугунтук жолун тандап алганын айгинелейт. Калктын ишенимине ээ боло албаган атамбаевдик бийлик учурда жер-жерлерде күч алып бараткан элдин нааразычылыгын саясий куугунтук менен басууга аракеттенүүдө. Мындай ыплас саясат жогорку бийликтин чыныгы жүзүн ачып берүүдө.
Улуттук оппозициялык кыймыл коррупция менен чырмалышып, саясий оппоненттерине куугунтук жасаган атамбаевдик бийликтин бул кылмыштуу иш-аракетин кескин түрдө айыптайт! УОК расмий бийликтен К.Кадыров, М.Абылов жана О.Абдрахмановго карата саясый куугунтукту токтотууну чечкиндүү талап кылат!
Оппозициялык саясатчыларга каршы ачылган кылмыш иштер, бийликтин саясий куугунтугу алардын мекенчил көз карашын эч качан өзгөртпөйт! Бийликтин мындай ыплас саясаты элим, жерим деген азаматтардын күчтүү духун өчүрүп, эркин сындыра албайт.
УОК чындык үчүн, Кыргызстандын эртеңки жаркын келечеги үчүн саясый күрөшүн токтотпойт!”