Турсунбек Акун: "Депутатты кол тийбестиктен ажыратууда депутаттык тилектештик деген болбошу керек"
Парламенттин 26-декабрдагы жыйынында Садыр Жапаровду кол тийбестигинен ажыратуу жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралууда. Жыйында сөз сүйлөгөн КРнын Акыйкатчысы Турсунбек Акун депутатты кол тийбестиктен ажыратууда депутаттык тилектештик болбош керектигин айтты. "Сот чечим чыгармайынча бир да адамды күнөөлүү же күнөөсүз дегенге болбойт. Негизи кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу алдында ар бир депутаттын пикирин угуш керек, жыйынга алып келип угабы же башка жайдан угабы, айырмасы жок. Мыйзам жол берген жайда сүйлөшүү жүргүзүү керек",- деди Турсунбек Акун.