“Чет элдик жаранды тоноду” деп шектелип эки адам кармалды

“Чет элдик жаранды тоноду” деп шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-апрель күнү саат 20:30 чамасында 23 жаштагы Кытай Эл Республикасынын жаранын белгисиз 3 адам үйүнө кире бериште токтотушуп, өзүлөрүн “милиция кызматкерибиз” деп тааныштырышкан. Анан коркутуу жолу менен Ауди унаасына салып кетишип, жолдо катар чет элдик жарандын уюлдук телефонун, акчасын жана унаасынын ачкычын алып, Бишкек шаарынан алыс жакка таштап, из жашырышкан.

Бул окуядан көп өтпөй кылмышка шектүү катары Чүй облусунун эки тургуну кармалды. Алардын бири мурда соттолгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө уурдалган унаанын сатылып кеткени белгилүү болду.

Учурда “адам уурдоо”, “тоноо”, “автоунааны же башка автотранспорт каражатын мыйзамсыз түрдө ээлеп алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка тиешеси барларды кармоо иш-чаралары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан