Баткен. Губернатордун Кубогун кайрадан Кызыл-Кыя жеңип алды

Кечээ Исфанада футбол боюнча Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн Кубогу жыйынтыкталды. Финалда Кызыл-Кыя шаарынын курама командасы менен Баткен районунун курама командалары чемпиондук үчүн беттешти. Оюндун негизги бөлүгү 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, 11 метрлик пенальтилер сериясында кызыл-кыялыктар 4:3 эсебинде жеңип чыгышты. 3-орун үчүн болгон оюн да пенальтилер сериясына чейин жетип, Кадамжай районунун курама командасы лейлектиктерди жеңип алды. Сыйлык тапшыруу салтанатына өкмөттүн өкүлү Жеңиш Разаков катышты. Жеңүүчү командалар кубок жана медалдардан тышкары акчалай сыйлыктарга да ээ болушту. 1-орунга 20 миң, 2-орунга 15 миң, 3-орунга 10 миң жана 4-орунга 5 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кошумчалай кетчү нерсе, кызыл-кыялыктар ушул эле мелдеште 1 ай мурда да жеңүүчү аталышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан