Эртең, 9-апрелде өтө турган Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы ант берет. Андан соң ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришет. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.