Бүгүн, 26-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын премьер-министри Серик Ахметовго авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. "Урматтуу Серик Ныгметович, Казакстан Республикасына трагедиялык жоготуу алып келген авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтам. Боордош казак элинин жоготуусун, азасын тең бөлүшөбүз. Ошондой эле биздин колдообузду, көңүл айтуубузду каза болгондордун жакындарына жана туугандарына жеткирүүнү суранам",- деп жазылат Жантөрө Сатыбалдиевдин телеграммасында. Эске салсак, 25-декабрь күнү Казакстанда Чек ара кызматынын учагы кулап, 27 адам каза болду.