Жылнаама, 9-апрель: 21 жыл мурун кинорежиссёр Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган

* 1336-жылы, 678 жыл мурун Орто Азия жана Кавказдын тарыхында маанилүү ролду ойногон белгилүү кол башчы, эмир Темирлан туулган. Ал дүйнөгө Эмир Темир, Аксак Темир, Темирлан, Тамерлан, Тимурланг, Тимур Барлас, Амир Темир көрөгөн, Тимур Тарагай деген ысымдар менен белгилүү. Даңазалуу эмир Шахрисяб шаарына жакын Кожо-Илгар кыштагында Тарагайбектин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Түрктөшкөн моңголдук барлас уруусунан болгон.

1957-жылы, 57 жыл мурун Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев төрөлгөн. 1974-1984-жылдары Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы Сүрөтчүлөр академиясын бүтүргөн. Кыргызстандын жана СССРдин Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1988-ж.), Лос-Анжелесте өткөн Бүткүл дүйнөлүк заманбап искусствонун баш байгесинин ээси (1990-ж.), Азия мамлекеттеринин көргөзмөсүндөгү алтын медалдын ээси (1989-ж.), Азия Биэналынын алтын медалынын ээси (1999-ж., Дака, Бангладеш), Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси (2000-ж.), Сүрөтчүлөр союзунун академиги (2005-ж.). Юристанбек Шыгаев учурда (2014-ж.) Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук музейинин директору болуп эмгектенүүдө.

* 48 жыл мурун, 1966-жылы Ватикан төрт кылым чамалуу тыюу салынып келе жаткан китептердин индексин жоюу туурасында чечим чыгарган. Китептерге тыюу салган биринчи расмий индекс 1559-жылы Павел V тарабынан киргизилген жана ал кийин толукталып, улантылып турган.

1971-жылы (43 жыл мурун) ырчы, актриса Венера Сатылганова төрөлгөн. Ырчы көпчүлүккө "Он сегиз жаш", "Жаш тилек", "Ай чыкканда балбылдап", "Алгачкы сүйүү", "Жанар тоо", "Дил кайрык" деген ырлары менен таанылган. Ал эми кино жаатында Венера Сатылганова "Чиркин өмүр" телесериалында Карачачтын, "Кууш жолдо" киносунда Салтанаттын ролун жаратып эл оозуна алынган.

1993-жылы, мындан 21 жыл мурун айтылуу кинорежиссёр Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркия Республикасына толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Гиперинфляция жана каатчылыктан кабыргасы кайышкан интеллигенция үчүн Т.Океевдин элчилик кызматка кетиши кыргыз киносунун акыры катары кабыл алынган.

* 2006-жылы, 8 жыл мурун ЖКнын депутаттыгына ат салышкан Рысбек Акматбаев көп добуш топтоп, мандат алууга жол ачылган. Ал №69-Балыкчы округунан 79,22% добуш топтогон. Ошентип, эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу уюшкан криминалдык топтун лидерине парламент депутаттыгына мандат алууга жол ачылган. Рысбек Акматбаев ошол эле жылдын 10-майында киши колдуу болуп каза болгон.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан