Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Казакстандын Парламент Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы Кайрат Мамиге Казакстандын Түштүк Казакстан облусунун аймагында Ан-72 аскердик учагынын кырсыкка кабылгандыгына байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү. "2012-жылдын 25-декабрында Казак Республикасынын Түштүк Казакстан облусунун аймагында Ан-72 учагынын кыйрашы көптөгөн адам өлүмүнө алып келгендиги тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргызстан калкы боордош казак эли менен бирге орду толгус жоготуу кайгысын бөлүшөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан каза болгон адамдардын жакындарына көңүл айтуу менен, аза кайгысын тең бөлүшөбүз",- деп айтылат көңүл айтуу катында.