Бүгүн, 8-апрелде саат 21:30да Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык катталды. Бактыга жараша, оор жаракат алгандар болгон жок.
Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Марк 2 унаалары кагышты. МАИ кызматкерлери келип, териштирүү иштерин жүргүзүштү. "Тез жардам" кызматы да келди.