Тоң районундагы “Демилге” суу колдонуучулары ассоциациясынын башкы эсепчиси элден чогулган акчаны өзүнө чегерип алган

Тоң районундагы “Демилге” суу колдонуучулары ассоциациясынын башкы эсепчиси элден чогулган акчаны өзүнө чегерип алган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Тоң районунун Көк-Мойнок айылындагы “Демилге” суу колдонуучулары ассоциациясынын ишмердүүлүгү боюнча даттануу келип түшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган ассоциациянын башкы эсепчиси 36 жаштагы Д.Азамат мамлекеттик казынадан келген 50 миң сом акча каражатын кассага каттаган эмес. Ошондой эле жергиликтүү тургундар тарабынан таза суу үчүн чогултулган 152 732 сом акча каражатынын 78 500 сомун өзүнө чегерип алган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан