Бүгүн, 9-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Промзонада оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин Мурзабеков, Сатыбалдиев, Жолчубаев, Ивасишина, Ленин, Могол, Курманбек, Тепличная көчөлөрүндө, аны менен бирге Вагданкара, Дөмөр айылдарында, аэропортто электр жарыгы өчүрүлөт.
Бул тууралуу “Жалал-Абад электр” ишканасынан Жыпариза Уметалиева билдирди.