Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарындагы коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 9-апрелден 12-апрелге чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – премьер-министрдин 2014-жылдын 8-апрелиндеги №12-буйругу чыккан.
Бул буйрукту аткаруу максатында артиллериялык топ түзүлүп, Бишкек-Ош унаа жолунда артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иш-чаралары 2014-жылдын 9-апрелинде башталат. Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүрүп жаткан сааттарда аталган унаа жолу убактылуу жабылат.