Жогорку Кеңештин жыйындар залында өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алууга келе турган президент Алмазбек Атамбаевдин отурчу орду даярдалууда. Президент жыйындар залындагы ордуна бир жылда саналуу жолу гана келет. Учурда өлкө башчы отура турган орун тазаланып, дыкат текшерилүүдө.
Айта кетсек, бүгүн, 9-апрелде Жоомарт Оторбаев жетектеген жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант беришет.