Кыргызстан Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын “демократия боюнча өнөктөш” статусун алды. Муну ЖКнын 9-апрелдеги жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.
“Ассамблея добуш берүү менен Кыргызстанга аталган статусту берди. Бул арада аталган ассамблеядан биздин өлкөгө 5 делегация келип, “Аталган статуска татыктуубу?” деп текшерип кетишти. Биз татыктуубуз. Эми бизге атайын кеңсе берилет, биздин депутаттар ассамблея менен тыгыз иштешүүгө мүмкүнчүлүк алышат, сессияларга катышат”,- деп билдирди төрага.