Кыргызстанда аткаминерлердин жана алардын жакындарынын компанияларын мамлекеттик тендерлерге катыштырбоо боюнча мыйзам долбоорун колдоого алыш керек. Муну парламенттин 9-апрелдеги жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.
“Мамлекеттик кызматка келген адам мурдагы ишин токтотушу керек же кызматка келбесин. Өзүнүн, бир туугандарынын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн компаниялары тендерлерге катышпашы керек, ошондо гана мамлекетти тазалайбыз”,- деди төрага.