Талас облусунун Талас районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 8-апрель күнү Кара-Ой жана Сасык-Булак айылдарынын ортосунда 3 унаа кагышкан. Анын кесепетинен 3 адам каза таап, 5 адам жабыркаган. Учурда алар облустук ооруканада.