Ош. "Супер-Инфо" гезитинин Ош облусундагы аймактык бөлүмү расмий түрдө ачылды

Бүгүн, 26-декабрда “Супер-Инфо” гезитинин Ош облусундагы кеңсесинин расмий ачылыш салтанаты болуп өттү. Кечеге Ош шаардык кеңешинин депутаты Нуркыз Карыбек кызы, Ош шаардык мэриясынын астында түзүлгөн Жаштар комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана “Супер-Инфонун” окурмандары катышты. Кечени Айпери Сыдыкова, Жумагүл Райымжан кызы, Айжамал Чалаева жана “Step by step” бий топтору өз чыгармалары менен коштоп, шаңга бөлөштү. Кызыл лента кесилип, расмий түрдө “Супер-Инфо” гезитинин Ош облусундагы филиалы ачылып, келген конокторго редакциянын атынан чакан белектер берилди. Эске салсак, Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезити үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Баткен облустарында аймактык кеңсесин ачууга жетишти. Биринчи аймактык кеңсе апрель айынан баштап Ош шаарында иштеп баштаган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан