“Кыргызгаз” ААКсы бүгүн, 9-апрелде маалымдагандай, 14-15-апрель күндөрү Бишкектин айрым аймактарына газ берүү убактылуу токтотулат. Маалыматка ылайык, Шабдан баатыр көчөсү менен чектеш аймактарда, Чыгыш-5 кичи районунда жана Чүй проспектиндеги 10, 107, 111, 113, 115-үйлөрдө газ берүү токтотулат. Бул оңдоп-түзөө иштери менен байланыштуу.