Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кар көчкү бүгүн, 26-декабрда түшкү саат 12лер чамасында аталган унаа жолдун 42-чакырымында түшкөн. Алдын ала маалыматка ылайык, кар көчкүнүн көлөмү 500 метр кубду түзөт. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. ӨКМдан кабарлашкандай, жабыркагандар жок.