Таласта болгон митинг боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, “бейбаштык”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши Талас облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан козголгон.
Айта кетсек, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Мындан улам милиция кызматкерлери менен чогулган элдин ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.