Чиновниктердин компанияларынын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

Чиновниктердин жана алардын жакындарынын компанияларынын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу сала турган мыйзам долбоору бүгүн, 9-апрелде ЖКнын жыйынында 3-окууда добуш берүүгө жиберилди. 

Мыйзам долбоорун депутаттар Дастан Бекешев менен Ширин Айтматова демилгелеп жатышат. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарына жана "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексине толуктоолор киргизилүүдө.

Талкууда демилгени депутаттардын көпчүлүгү колдоого алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан