Кыргызстанда камсыздандыруучу 17 компания бар. Муну парламенттин 9-апрелдеги жыйынында Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубеков билдирди. Анын билдиришинче, аталган компаниялардын айрымдары чет элдик капиталдын эсебинен иштеп жатат.
“Чет элдики эмес, Кыргызстандын эле компаниялары. Капиталы гана чет мамлекеттики”,- деди Тойчубеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.