Депутаттар өлкөгө кирген чет элдик унаалардан төлөм алууга жол ача турган мыйзам долбоорун талкуулашууда  

Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында депутаттар Кыргызстанга кирген чет элдик унаалардан төлөм алууга жол ача турган мыйзам долбоорун талкуулашууда. Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Сабир Атажановдун билдиришинче, оор жүк ташуучу унаалардын 1500 сомдон алуу сунушталууда. Унаалардан алынган акча Кыргызстандын экологиясына кам көрүүгө жумшала турганы айтылууда. “Бул нерсе өлкөнүн туризмине зыянын тийгизбейт”,- деди Атажанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан