Бишкекте 10-апрелге белгиленген оппозициянын митингине Жалал-Абад облусунан 2 миң адам эмес, 100гө жакын гана адам келиши ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Оппозициянын Бишкекте өтө турган пикетине 2 миң адам келет экен, 15 адам бүгүн жолго чыгып жатыптыр” деген сөздөр эл арасында бар. Азырынча бул маалымат так эмес. Митингге 2 миң киши эмес, 100 гана киши келиши мүмкүн”,- дейт басма сөз кызматынын өкүлү.
Эске салсак, 10-апрелде Бишкекте Улуттук оппозициялык кыймылдын митинги болору айтылган.