Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүү стратегиясынын коомчулуктагы талкуусу 10-январга чейин узартылды

Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү стратегиясын коомчулуктагы талкуусу 10-январга чейин узартылды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти. Коомдук талкуунун мөөнөтүнүн узартылышы коомчулуктан, серепчилерден долбоорго карата көп сунуштар жана сын-пикирлер түшүп жатканы менен байланыштуу. Кошумчалай кетсек, Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ушул жылдын 24-ноябрында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн Улуттук кеңеш түзүлгөн. Ал эми 7-декабрда Алмазбек Атамбаев Бишкекте Улуттук кеңештин биринчи жыйынында 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандын туруктуу өнүгүү стратегиясынын жолу менен тааныштырган. Долбоор ошол күндөн тарта 2 жумага коомчулуктун талкуусуна берилген. Андан соң Улуттук кеңештин мүчөлөрү кайрадан чогулуп, долбоордун акыркы чечимин коомчулуктан келип түшкөн ой-пикирлерди эске алуу менен кабыл алмак. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан