Дастан Жумабеков, депутат: “Өлкөгө кирген чет элдик унаалардан акча алууну баштасак, туристтердин саны кыскарат”

“Кыргызстанга кирген чет элдик унаалардан атайын төлөм алууну баштасак, туристтердин саны кыскарат”,- деп билдирди депутат Дастан Жумабеков ЖКнын 9-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, бул процесс карапайым калктын жашоосуна да зыянын тийгизиши мүмкүн.

“Казакстандан күн сайын оор жүк ташуучу унаалар кирип-чыгып турат. Таластагы дыйкандар менен соода-сатык кылышат. Эгер төлөм алына баштаса, алар кирбей калышы мүмкүн. Мындай ишти азырынча токтото туралы”,- деп сунуш айтты депутат.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан