Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында Кыргызстанга кирген чет элдик унаалардан төлөм алуу маселеси каралды. Мыйзам долбоору боюнча, оор жүк ташуучу унаалардан 1500 сомдон төлөм алынып, ал акча экологияны жакшыртууга жумшалмакчы. Депутат Бөдөш Мамырова унаалардын чоң же кичинесине эмес, сапатына карап төлөм алууну сунуштады.
“Кээ бир кичинекей унаалар оор жүк ташуучу унаалардан да экологияны көп булгайт. Эски унаалардын сапаты начар. Менимче, сапатына жараша төлөм алуу керек”,- деди эл өкүлү.