Кыргызстандын оор жүк ташуучу унаалары Өзбекстанга кирсе, чек арадан 300 доллардан алынат. Муну бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабир Атажанов билдирди. Айта кетсек, Кыргызстанга кирген чет элдик унаалардан төлөм алууга жол ача турган мыйзам долбоору каралууда. Депутаттар алынчу төлөмдүн 1500 сом экенине макул эмес. “Өзбекстан 300 доллардан алса, биз неге 1500 сом деп жатабыз?” дешти.
Атажанов 1500 сом деген норма мыйзам долбоорунда гана каралып жатканын, акыркы бааны өкмөт беките турганын билдирди.