Нурлан Мотуев: "Муфтийлик кызматка татыктуумун деп ойлойм"

Күтүүсүз жоруктары менен коомчулуктун көңүлүн буруп келген Нурлан Мотуев бул жолу кеңсебизге өзгөчө кийими менен кирип келди. Ал билдиргендей, анын "кыз зордуктады" деп камалышынын артында муфтийлик жана акыйкатчылык шайлоо турат. "Мени атайын камакка алып, муфтийлик жана акыйкатчылык кызматка катыштырбай коюшту. Кудай буюрса, 5 жылдан соң кийинки шайлоого катышам",- деди Мотуев. Ал эми "Муфтийлик кызматка өзүңүздү татыктуумун деп ойлойсузбу?" деген суроого: "Албетте, татыктуумун. Азыр борбордук мечитке намаз окуганы келген элдин жарымы дин боюнча кенен түшүнүгү жок. Ал эми мени эмоцияга алдырып жиберет, сабырдуу эмес деген туура эмес. Абдан сабырдуумун, ошондуктан артымдан канча жаман иштер уюштурулуп жатса да, бир ай абакта отурганда да чыдадым",- деп жооп берди. Ал эми кийими тууралуу "бул мусулмандардын кийими, сүннөт. Мухаммед (САВ) пайгамбар да турган турушу менен саясатчы болгон" дейт.

Нурлан Мотуев: "Мени атайылап муфтийлик жана акыйкатчылык кызматка катыштырбай коюшту"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан