“Тайырбек Сарпашев боюнча кылмыш ишинин материалдары жоголуп кеткенин укпаптырмын”,- деп билдирди бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Галина Скрипкина. Иштин материалы жоголуп кетсе, аны толук өлчөмдө кайра калыбына келтирсе боло турганын белгиледи депутат.
Жыйында депутат Дастан Бекешев биринчи вице-пермьер-министр Тайырбек Сарпашевдин “Градиент” компаниясына байланыштуу иштин материалдары жоголуп кеткенин ММКлар жарыялап жатканын айткан эле.
Айта кетсек, буга чейин “Градиент” компаниясы “Кумтөргө” мотор майларын ташый турганы айтылып, бул боюнча кылмыш иши козголгон эле.