Бишкекте жол-кайгуул кызматкерине бычак сайган жаран кармалып, Ленин райондук Ички иштер башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Тынчтык проспектинде эки инспектор жумушун аткарып жатышкан. Ошол учурда эч себеби жок эле бир жаран жол-кайгуул кызматкерин бөйрөк тушка сайып жиберген.
Учурда аталган жаран кармалды. Ал 1986-жылы туулган Нарын облусунун кулуну болгон. Ал эми жабыркаган инспектор ооруканада.