Ош. Телефон аркылуу "балдарыңды уурдап кетем" деп коркутуп 200 миң сом талап кылган жаран кармалды

Ошто телефон аркылуу "балдарыңды уурдап кетем" деп коркутуп 200 миң сом талап кылган жаран кармалды. Маалыматка ылайык, милицияга Ноокат районунун 39 жаштагы Р.М. аттуу жараны кайрылган. Ал 6-марттан ушул күнгө чейин бир адам телефон аркылуу "балдарыңды уурдап кетем" деп коркутканын жана опузалап 200 миң сом талап кылып келгенин айткан. 

7-апрелде Ош ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан опузалап талап кылуу фактысы боюнча шектелген Г.А. аттуу жаран колго түшүрүлдү. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tolkun85
2014-04-09 14:36:23
жакшы жумуш таабыптырбы(((
0
kama_future_millioner
2014-04-09 14:43:28
Жиндигооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан