Бүгүн депутат Талант Мамытовдун ишин Жогорку Сот караганын аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Талант Мамытовдун жактоочусу Искендер Журабаевдин доо арызы канааттандырылган жок, тактап айтканда, депутат 4-декабрга чейин УКМКнын камоочу жайында калтырылат.
Эске салсак, Талант Мамытов 3-октябрда өткөн митингде административдик мыйзамдарды бузганы үчүн УКМК тарабынан камакка алынган.