“Ак-Жол” өткөрүү бекетинен аткезчилик жол менен Казакстанга тамеки продукцияларын өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды

“Ак-Жол” өткөрүү бекетинен аткезчилик жол менен Казакстанга тамеки продукцияларын өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кечээ, 8-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 2-апрелде “Ак-Жол” өткөрүү бекетинде бажы кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагынан Казакстан тарапка бет алып, араба түртүп бара жаткан жаран токтотулган. Анын жүгүн текшерүүгө алганда 243 блок тамеки продукциялары табылган. Бул факты боюнча административдик иш козголуп, айып пул төлөндү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан