Депутаттар Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратууга макулдугун берген жок

Бүгүн, 26-декабрда ЖКнын жыйынында депутат Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурор Аида Салянованын сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын корутундусу угулду. Депутаттык комиссиянын төрагасы Нурбек Мурашев Башкы прокуратуранын берген маалыматтарын жана башка маалыматтарды иликтеп, бир катар жарандардан маалымат алгандыгын айтты. Депутат Садыр Жапаров депутаттык комиссияга тергөө органдары тарабынан коюлуп жаткан күнөөлөр менен макул эместигин, ал мамлекетке тиешелүү делген Киев көчөсүндөгү №74-имаратты сатып алганда, имараттын мурдагы чырдуу жагдайын билбегендигин айтканын белгиледи. Ошону менен катар аталган имарат 2009-жылы жеке жакка сатылгандыктан, депутат тарабынан мамлекетке зыян келтирген деген Башкы прокуратуранын дооматы туура эместигин билдирди. Ошондой эле имаратты сатып алган жарандар Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз менен кайрылбагандыгын кошумчалады. Жыйындын жүрүшүндө көптөгөн талаш-тартыштар орун алды. Көпчүлүк депутаттар Садыр Жапаровду ЖКнын жыйынына катыштырууну сунуш кылып, бирок башкы прокурор буга "мыйзамга туура келбейт" деп сунуш орундалбай калды. Ошентип, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө КРнын Башкы прокурору Аида Салянованын сунуштамасына макулдук бербөө жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан