Ош шаарында эки суткалык рейддин жыйынтыгы боюнча 51 унаа айып жайга токтотулду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 251 айдоочунун жол эрежелерин бузганы аныкталган. Унаалардын көпчүлүгүнүн терезелери караңгылатылган. Буга байланыштуу Ош ШИИБинин кызматкерлери унаалардын терезесин караңгылатып иштеген мастерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.