Бүгүн, 9-апрелде Тынчтык - Москва көчөлөрүнүн кесилишинде бычактан жаракат алган Жол-кайгуул кызматынын инспекторуна Улуттук госпиталда операция жасалууда. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы
Тилек Оторов билдирди.
Анын айтымында, МАИ кызматкеринин абалы кандай экени операциядан кийин билинет. Ал эми КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов "жабырлануучу көкүрөгүнүн сол жагынан жаракат алган. Ал керектүү дары-дармек менен камсыздалды" деп маалымдады.