Чүйдө жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 8-апрелде Бишкек-Ош жолунда катталган. Анда жолдон өтүп бара жаткан жөө жүрүүчүнү Ауди үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган. Бирок айдоочу биринчи жардам көрсөтпөстөн качып кеткен.

Учурда айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жараат алган адам ооруканада. Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан