Чүйдө алдамчылыкка шектелип, эки жылдан бери жашынып жүргөн адам кармалды

Эки жылдан бери жашынып жүргөн алдамчы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кечээ, 9-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 2012-жылы Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал жүк ташуучу унааны сатып алуу үчүн сатуучуга 1 миң АКШ долларын берген. Бирок сатуучу “унааны бир жуманын ичинде алып келем” деген бойдон жоголуп кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, издөө амалдары жүргөн.

Учурда аталган кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан