Аламүдүн районунда “жаш кызды бычак менен коркутту” деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды. Маалыматка ылайык, милицияга 19 жаштагы кыз кайрылган. Ал 26-март күнү 23:30 чамасында белгисиз адам үйүнө кирип келип, бычак менен коркуткан. Андан соң күч колдонуп зордуктап кеткен.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунда туулган, 25 жаштагы М.Э. колго түшүрүлдү. Кармалган адам кылмышты мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу 9-апрелде Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.