Чек арачылар тарабынан "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган" деп шектелип Казакстандын жараны кармалды

Кечээ, 8-апрелде “Чалдыбар-унаажол” көзөмөл өткөрүү жайынан чек арачылар тарабынан Казакстандын жараны кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан 12 калибрлүү 9 даана ок табылган. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде маалымдады.

Маалыматка таянсак, кармалган жаран Кыргызстандан коңшу Казакстанга өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Чүй облусунун Жайыл райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан