Бишкек шаарында "Ауди А4 унаасын уурдап кеткен" деген шек 26 жаштагы П.Д. кармалды. Бул тууралуу кечээ, 26-декабрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаардык укук коргоо органдарына арыз менен 27 жаштагы Т.Э. кайрылган. Арызда Москва көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунун биринен түнкү саат 23:40 чамасында белгисиз жаран Ауди А4 унаасын уурдап кеткендиги тууралуу жазылат. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң жогоруда аталган жаран кармалып, учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.