Асия Сасыкбаева Түркиянын Европа бирлигинин иштери боюнча министри менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) жазгы сессиясына катышуу алкагында ЕКПАнын мурдагы Кыргызстан боюнча атайын баяндамачысы, Түркиянын Европа бирлигинин иштери боюнча министри М.Чавушоглу менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө М.Чавушоглу Кыргызстан «демократия боюнча өнөктөш» статусуна татыктуу экенин, ал статусту ыйгаруу үчүн зарыл болгон демократиялык өнүгүү шарттарына жооп берерин баса белгиледи. Ал кыргыз тарапка ЕКПАдагы Түркия делегациясы толук колдоо көрсөтө турганын кошумчалады. 

Ал эми А.Сасыкбаева М.Чавушоглу Кыргызстанга «демократия боюнча өнөктөш» статусун ыйгаруу жөрөлгөсүнүн идеялык шыктандыруучусу экенин белгилеп, анын ЕКПАнын Кыргызстан боюнча атайын баяндамачысы катары жасаган аракети үчүн ыраазычылык билдирди. 

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Бахтияр Кадыров, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси боюнча комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаев, Кыргызстандын Бельгиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан